Өз үйүн күрөөгө коюп кино тарткан Эрнест Абдыжапаров. Режиссер тууралуу 6 факты

Бүгүн белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун туулган күнү. Көрүүчүлөргө өзүнүн "Айыл өкмөтү", "Боз салкын" тасмалары менен таанылган киночу 57 жашка чыкты. Sputnik Кыргызстан агенттиги көп кырдуу инсан жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Sputnik

Айылда мугалим болгон

Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров 1961-жылы 27-февралда Фрунзе шаарында төрөлүп, балалыгы Нарында жана Ысык-Көлдө өткөн. Мектепти аяктаган соң музыкалык окуу жайда окуп, кийин 1983-жылы борбор калаадагы педагогикалык институтту аяктаган. Андан соң беш жылдай орус тили жана адабияты сабагы боюнча мугалимдикти аркалаган. 

Кинону эңсеп жүргөн талант

Бала чагынан кино тартууга ашыккан Абдыжапаров 27 жашында айылдагы мектептен кетип, борбор калаага кино менен алектенгени келген. 1988-жылдан баштап режиссердун ассистенти, администратор болуп иштеген. Тажрыйба топтогондон кийин 1993-жылы алгачкы даректүү тасмасын жараткан. Ал "Кыргызфильмде" редактор, сценарист, режиссер болуп эмгектенет. 

Премьер фильма "Саякбай"

Үйүн күрөөгө коюп кино тарткан…

Толук метраждуу он, кыска метраждуу 30га жакын фильм тарткан. Алардын ичинде "Боз салкын", "Айыл өкмөтү", "Таранчы", "Такси жана телефон", "Гаишники" тасмалары элдин купулуна толуп, бир топ эл аралык фестивалдарды багындырган. Абдыжапаров убагында каржынын жоктугунан бир нече жолу жашаган үйүн күрөөгө коюп фильм тарткан жайы бар.

Ыр жандуу Эрнест

Таланттуу сценарист музыкага мектепте окуп жүргөн кезинде эле жакын болгон. Азыр ал гитара, аккордеон, фортепиано, комуз жана урма аспаптарда мыкты ойнойт. Андан сырткары, домбра, ооз комуз чертип, келиштире обон созуп калат.

Эмгекчил устат

Өзүнүн студиясын ачкан Абдыжапаров он жылдан бери жыл сайын жаш кино сүйүүчүлөргө жол көрсөтүп келет. Быйыл дагы ал улан-кыздарды тарбиялап, тасма тартуунун сырларын үйрөтөт. Анын ондогон окуучулары учурда ата мекендик кинематографияда жигердүү иштеп келет. 

Режиссер Эрнест Абдыжапаров

Киночулардын үй-бүлөсү

"Саякбай" фильминин сценаристи колуктусу менен төрт баланы тарбиялап өстүргөн. Тун кызы Гүлкайыр Америкада иштейт. Ал эми уулу Санжар келинчеги менен кино жаатында иш алып барат. Андан сырткары, кызы Перизат дагы жолдошу менен атасынын жардамчысы. Ал эми күчүү кызы ата-энеси менен айылда туруп, мектепте билим алат.