БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бүгүн, 27-февраль күнү эртең менен жаралган тыгындарга аба ырайы себепкер болушу мүмкүн экенин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
"Эртең менен шаар боюнча ири тыгындар катталды. Бул жаап жаткан жаанга байланыштуу болушу мүмкүн. Аба ырайы жол кыймылынын жайлашын шарттайт", — дешти милициядан.
Буга чейин редакция тыгындардан кантип арылуу керектиги боюнча материал даярдаган.