"Кыз киши кинодо эмне кыла алмак эле?" деп айткандар учурда пикирин өзгөрткөнүн Салтанат Зарнаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жасаган эмгеги өзүнө анча жакпай турса да, "менин эмгегим баарынан мыкты" деп турушу керек.
"Кыз киши табиятынан назик келет эмеспи. Бирок тасма аянтында эркек мүнөз болууга туура келет. Кээде кыйкырган да, ыйлаган да учурлар болот. Кино жаратуудагы башкы нерсе — жаныңдагы адамдардын колдоосу. Башында "кыз киши кинодо эмне кыла алмак эле?" деп айтышчу. Ал эми азыр ар кандай сынактарга катышып, ийгилик жаратканымды көрүп колдоп калышты", — деди Зарнаева.
Эске салсак, Түркиянын Стамбул шаарында 4-жолу уюштурулган "Пайгамбарларга рахмат" аттуу эл аралык кино фестивалда кыргызстандык режиссерлор Аскар Нуракун уулу "Тасмага болгон сүйүү" эмгеги менен "Демөөрчүнүн атайын сыйлыгы", Мээрим Догдурбекова "Бакыт" тасмасы менен "Калыстар тобунун атайын сыйлыгына" татыды. Ал эми Салтанат Зарнаева "Үй" аттуу киносу менен 3-орунду ээлеген.