Соцтармак кызыктары: октагондо сүйгөнүнө тизе бүккөн мушкер, алтын уткан секелек

Узаган жума майрам күнгө туш келип шаңдуу өттү. Ошондой эле спортчулардын жетишкен ийгиликтери да соцтармакка көрк берип турду.
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу М-1 Global Ghallenge 88 турнирине чыгып мыкты ыкмаларды колдонуу менен атаандашын жеңип алды. Кышкы Олимпиадада көркөмдөп муз тебүү боюнча россиялык Алина Загитова алтын медалга ээ болду. 15 жаштагы кыздын мындай чеберчилиги коомчулукту таң калтырууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги артта калган апта ичинде социалдык тармактан орун алган кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

1. Бусурманкул чемпионду жер каратты. Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу М-1 Global уюмунун мурдагы чемпиону Максим Дивнич менен беттешип жеңип алды. Комментаторлордун баамында, Абдубаит уулу менен Дивнич көрөрмандарга турнирдеги эң эле айыгышкан беттештердин бирин тартуулап, эки мушкер тең партерге караганда бокстун ыкмалары менен көбүрөөк иштешкен.

2. Октагондо сүйгөн кызынын колун сурап… Ал эми жогорудагы турнирге чыккан россиялык мушкер Валерий Мясников беттеш бүткөндөн кийин сүйгөн кызын октагонго чакырды. Алгач ага ушул убакка чейин чыдап жүргөнүнө алкыш айтып, мындан ары да түбөлүк бир болууну сунуштап колун сураган. Бул турнирдеги кызыктуу жана эсте калаарлык окуялардын бири болуп калды.

3. Күттүргөн алтынды Алина багындырды. Ишемби күнү Кышкы олимпиада оюндарынан Россия күткөн алтынды 15 жаштагы Алина Загитова алып берди. Ал спорттун көркөмдөп муз тебүү түрүнөн атаандаштарынан озуп чыккан. Өспүрүм кыздын ийгилигине кубангандардын аягы азыркыга чейин тыйыла элек.

4. Мындай бийди каякта үйрөтөт. Адаттагыдай эле тойдо болгон дагы бир кызыктуу учур. Бул кыз менен жигиттин тойдогу бийин интернет колдонуучулары жылмаюу менен көрүп жатышат. "Укмуш бийлешиптир, кантип үйрөнсөк болот" деп таң калгандар да болууда.

5. Москвада көк бөрү өттү. Москвага 18 аргымак алып барган кыргызстандыктар ызгаарга карабай улак тартышты. Мындай мелдеш Россиянын борбор шаарында биринчи жолу болгонун кыргыз диаспорасынын жетекчиси Надыр Мурас өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымдады. Мындай аракеттер Россияда көк бөрүнү жайылтуу максатында жасалууда.

6. Жума күнү өлкөдө Ата мекенди коргоочулардын күнү белгиленди. Бул күнү социалдык тармактарда ушул сыяктуу куттуктоолордун далайын кезиктирүүгө мүмкүн болду.