Шарапов Закир Эшматович — өмүр баяны

Закир Шарапов 1965-жылы 18-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жаңы-Коргон айылында туулган.
Sputnik

Билими:

1990 — К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктаган;

1997 —Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "Юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу

1982 — Айдаркен 243-ПМКсында жумушчу;

1983-1985 — Советтик армиянын катарында Владивосток аскер-деңиз флотунун десанттык ротасында кызмат өтөгөн;

1990-2000 — "Кыргызайылкөмөк" АКтын республикалык бирикмесинде Айыл чарба товарлары бөлүмүнүн инженери, айыл чарба товарлары жана атайын кийимдер бөлүмүнүн башчысы, Пландаштыруу жана сатуу башкармалыгыгын башчысы;

1996 — "Кыргызайылкөмөк" АКтын республикалык бирикмесинин башкы директорунун орун басары;

2000 — №25 Кадамжай шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты;

2007-2008 — Монополияга каршы жана атаандаштыкты өнүктүрүү агенттигинин статс-катчысы;

2011-2012 — Юстиция министрлигинин нотариат жана апостилдөө башкармалыгынын башчысы;

2017-жылы декабрдан баштап КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат.

Сыйлыктары:

2001 — "Кыргыз Республикасына 10 жыл" эстелик белгиси;

2002 — КР айыл чарба министрлигинин 80 жылдык мааракесине карата чыгарылган юбилейлик медаль;

2004 — Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгынын алкагында өткөрүлгөн кыргыздардын Дүйнөлүк экинчи курултайынын делегаты;

2009 — "КР Жогорку Кеңешине 70 жыл" юбилейлик медаль;

2012 — Юстиция министрлигинин "Ардак грамотасы";

"2-класстагы Мамлекеттик кеңешчи" чини бар.

Үй-бүлөлүү. Эки кыз, эки уулдун атасы, эки неберенин таятасы.