Сапар Исаков жол кырсыктан улам бир бутунан айрылган наристеге 100 миң сом бөлдү

Өкмөт башчынын буйругуна ылайык, каражат жол кырсыктан жубайынан ажырап, кызынын буту кесилген Жыргалбек Чотоновго которулду
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков жол кырсыктан улам буту кесилген 2 жаштагы наристенин дарылануусу үчүн 100 миң сом бөлүп берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Өлүмгө чейинки секундалар. Кызын көтөрүп бараткан келинди бус коюп кетти
Тийиштүү буйрукка ылайык, каражат жол кырсыктын кесепетинен жубайынан ажырап, кызы менен калган Жыргалбек Чотоновго берилди.

Бишкекте 9-февраль күнү Элебесов көчөсүндө жөө адамдар өтө турган жол чийинден колуна кызын кармап турган келинди микроавтобус коюп кеткен. Анын айынан аял каза болуп, 2-жаштагы кыздын буту кесилген.