Эксперт: илим экономикага салым кошкон тармакка айланышы керек

Билим берүү жаатындагы эксперт Алмазбек Бейшеналиев дүйнөдө жасалма интеллект университеттердин жаңы доорун баштаганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Өкмөттүн билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү жана илим министрлигинин 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурумунда өлкөдөгү билим берүү системасындагы негизги көйгөйлөргө токтолду.

Ал жыйында өкмөттүн өкүлү эмес, билим берүү тармагындагы эксперт катары пикирин айтты.

Бейшеналиев министрликтин ишке ашпай жаткан айрым иш-чараларын сынга алып, дүйнөдөгү билим берүү жаатында алдыда бараткан жаңыча көз караштар менен бөлүштү. Үчүнчү доордогу университеттердин методуна өтүү керектигин айтып, Кыргызстандын университеттери биринчи жана экинчи доордогу университеттердин өзгөчөлүгүнөн дагы да болсо чыга албай жатканын белгиледи.

"Илимге күн өткөн сайын жаңы нерселер кошулууда. Биз бир доорду басып өтө электе, экинчи жаңы доор ачылып жатат. Жакында эле интернет доору деп жаттык эле, бул доор дагы жабылып, азыр жасалма интеллектинин доору башталууда. Ошондуктан университеттер, окутуучулар, профессордук курам жаңыланууну өзүлөрүнөн баштап, аны артыкчылык берилген багыт катары карашы керек", — деди ал.

Илимпоздордун жоопкерчиликсиз мамилеси башкы көйгөй экенине токтолуп, айрым университеттердин илимий журналдарында плагиат орун алып жатканын баса белгиледи.

Андан сырткары, билим берүүдө теория менен тажрыйбанын айкалышпай жатканы орчундуу маселелердин бири экенин айтты.

Кен казууну жеңилдетчү окуучулар. Өспүрүмдөр жасаган жабдуунун видеосу
"Биздин чыгарып жаткан продукция — адистер рыноктун талабына канчалык жооп берип жатат? Теория түрүндө окутуп жатабыз, бирок практика жок. Азыркы күндө конспект жаздырган мугалимдер бар. Канчанчы кылымда жашап жатабыз? Конспект жазып келип, балдарга 90 мүнөт окуп беребиз. Балдар ошол конспектини кайра окуп берип баа алышууда. Биз студенттердин өз алдынча иштеп, ойлорун, максаттарын ишке ашырууга өбөлгө түзүшүбүз керек", — деди Бейшаналиев.

Жогорку окуу жайлар дотацияда турган тармак эмес, экономиканын локомотиви болууга кудурети жетерин дагы белгиледи.

Эксперт Кэмбридж университетинин айланасында 1400 фирма иштей турганын, алардын 98 пайызы окуу жайдын тажрыйбасынан улам иштеп жатканына токтолду. Бул өз кезегинде университеттин каржы булагын түзүүгө өбөлгө болот.

Кыргызстан дагы билим берүү жаатында үчүнчү доордогу университеттирден ыкмасын, жолун улантуусу керектигин айтты.