Жакында кар жаайбы? Кыргызгидрометтин жообу

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстанда март айында гана эмес, апрель айында дагы кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин метеорологиялык бөлүмүнүн башчысы Махбуба Касымова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымына караганда, эгер республикага арктикалык муздак аба келсе аба ырайынын температурасы нөлдөн төмөн түшүшү толук ыктымал.

"Мартта же апрелде кар жаайт деп так айтуу мүмкүн эмес. Бирок 2-мартта жамгыр жаап, арты карга айланышы мүмкүн", — деди Касымова.

Апта ичине алынган аба ырайынын божомолу
Синоптиктердин маалыматы боюнча 2-мартта Чүй, Талас өрөөндөрүндө +3…+8 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6…+11 градус жылуу болушу ыктымал. Ысык-Көлдө болсо термометрдин көрсөткүчү +4…+9 градуска жетет. Ал эми Нарында 0 дөн 5 градуска чейинки суук сакталат.

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн.

Синоптиктер буга чейин март айына карата аба ырайынын божомолун да жарыялады.