ЖМК: Индияда жаңы үйлөнгөндөр белектерди ачып жатканда бомба жарылды

Окуя Одиша штатында болгон
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Индияда жаңы үйлөнгөн жуптар белектерди ачып жатканда бомба жарылды. Бул тууралуу NDTV телеканалы билдирди.

Кабулдун дипломатиялык кварталында жардыруу болуп 95 адам көз жумду
Окуя Одиша штатында үйлөнүү-үлпөт аяктагандан кийин бир нече күндөн соң болгон. Жуптар келген белектерди карап, аларды ачып жатканда баштыктардын бири жарылып кеткен.

Окуя болгон жерден баланын чоң апасы каза болуп, жуптарды ооруканага алып барышкан. Күйөө ооруканадан үзүлүп, келинчеги дагы деле дарыланууда.

Полиция ким жана эмне үчүн белектердин арасына бомба коюп койгонун иликтеп жатат. ошондой эле кандай бомба жарылганын укук коргоо органдары териштирүүдө.