Кран менен кагышкан унаанын тамтыгы чыкты. Бишкек — Ош жолундагы кырсыктын сүрөтү

Жол кырсыгы 26-февралда болгон. Учурда маркумдардын аты-жөнү такталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун Ноокен районунан өткөн аймагындагы 493 чакырымында (Ууру-Жар тилкеси) Hyundai Avante менен "Днепр" үлгүсүндөгү кран кагышып, эки киши жабыркап, эки киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыгы 26-февралда болгон. Учурда маркумдардын аты-жөнү такталууда.

Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар унаанын ичинде кыпчылып калган адамдарды чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген. 

1 / 3
Бишкек — Ош унаа жолунун Ноокен районунан өткөн аймагындагы 493 чакырымында (Ууру-Жар тилкеси) Hyundai Avante менен "Днепр" үлгүсүндөгү кран кагышып, эки киши жабыркап, эки киши каза болду
2 / 3
жол кырсыгы 26-февралда болгон. Учурда маркумдардын аты-жөнү такталууда
3 / 3
Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар унаанын ичинде кыпчылып калган адамдарды чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.