Радио

Догдурбекова: жеңишке жеткен тасмаларды туурап, ийгилик жарата албайсың

Жаш режиссёр Мээрим Догдурбекова буга чейин Кыргызстандагы бир нече жана эл аралык деңгээлдеги кинофестивалдарга катышып келген
Sputnik
Догдурбекова: жеңишке жеткен тасмаларды туурап, ийгилик жарата албайсың

Жеңишке жеткен тасмаларды туурап, ийгилик жарата албайсың. Бул тууралуу Мээрим Догдурбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тасма тартууну каалаган жаштардын көпчүлүгү конкурстан уткан кинолордон үлгү алышат.

"Бир режиссёр абройлуу кинофестивалдан орун алса, ал фильмди кызыгып ачып көрөбүз. Анан ушундай тартыш керек турбайбы деп ойлонуп калабыз. Мындай кылуу туура эмес экен. Ар бир режиссёрдун идеясы, коомго айтайын деген пикири, калтыра турган нерсеси болуш керек. Кинолорду көрүп эле оой берген жарабайт", — деди Догдурбекова.

Жаш режиссёр март айларында Парижде өтчү кинофестивалга чакырылгандыгын кошумчалады.

Эске салсак, Түркиянын Стамбул шаарында 4-жолу уюштурулган "Пайгамбарларга рахмат" аттуу эл аралык кино фестивалда кыргызстандык режиссерлор Аскар Нуракун уулу "Тасмага болгон сүйүү" эмгеги менен "Демөөрчүнүн атайын сыйлыгы", Мээрим Догдурбекова "Бакыт" тасмасы менен "Калыстар тобунун атайын сыйлыгына" татыды. Ал эми Салтанат Зарнаева "Үй" аттуу киносу менен 3-орунду ээлеген.