Адам өлүмүнө себепчи маршрутка айдоочулары иштеген компания менен келишим бузулат

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бир же андан ашык адамдын өлүмүнө себепкер болгон маршрутка айдоочулары иштеген компания менен түзүлгөн келишим бир тараптуу бузулат. Тийиштүү токтомго премьер Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маршрутка иштеткен жеке компаниялардын мойнунда канча адамдын өлүмү бар
Ага ылайык, өкмөттүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомундагы эрежелердин 19-тиркемесиндеги 11-тиркеменин 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталат.

— автобустук каттамдарды тейлеген айдоочулар бир жана андан көп өлүмгө алып келген, же үч жана андан көп адамдын жабыркашына алып келген жол кырсыгына себепкер болуп күнөөсү соттун чечими менен аныкталган учурда бир тараптуу тартипте келишим бузулат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.