Апта ирмеми: жеңишке жеткирген шайбадан кымча бел сулууларга чейин

Sputnik

Индонезиянын Суматра аралында Синабунг жанар тоосу атылды. Анын күлү беш чакырымга чейин жеткен.

Башы менен сайылган, жыгылган, учуп түшкөн спортчулар. Олимпиада-2018ден сүрөттөр
Түштүк Африкадагы Кейптаун шаарынын тургундары Теватерклоф суу сактагычындагы суунун азайышынан улам ичүүчү суу түгөнө турган күндү күтүп жүрөкзаада болуп турган чагы.

Наблус шаарынын жанында палестиналыктар Израилдин аскерлери менен кагылыша кетти.

Ал эми Рио-де-Жанейронун жакыр аймагында аскер-деңиз флотунун жоокерлери күтүлбөгөн операция жүргүздү.

Москвада "Россия сулуусу" сынагы үчүн кастинг өтүп, ага 300дөн ашуун селки катышты.

1 / 15
Индонезиянын Суматра аралында Синабунг жанар тоосу атылып, беш чакырымга чейин күлүн бүрккөн. Чыккан чаңы түштүк-чыгышка карай 4,9 чакырым, чыгышка карай 3,5 чакырымга жайылган
2 / 15
Кейптаундагы Теватерклоф суу сактагычынын какшып бараткан түбүн жарып чыккан өсүмдүк. Бул суу сактагыч шаар тургундарынын басымдуу бөлүгүн таза суу менен камсыз кылат. Учурда жашоочулар суусуз калуу коркунучунда турат
3 / 15
Ейск районунда Кара деңиз флотунун машыгуу учурунда май куюп жаткан ИЛ-78
4 / 15
Жер ортолук деңизде жел кайыкка түшүп келе жаткан ливиялык качкындар
5 / 15
Суу алдында калган үйүн тазалап жаткан аял (Индонезия, Тасикмалая айылы)
6 / 15
Наблус шаарынын жака белинде израилдик аскерлер менен кагылышуу маалындагы палестиналык демонстрант
7 / 15
Рио-де-Жанейронун жакыр жашаган аймагында өткөрүлгөн операция учуру. Бразилия аскер-деңиз флотунун жоокери
8 / 15
Пекиндин паркында чуркап бара жаткан пекинес породасындагы ит
9 / 15
Москвада "Россия сулуусу" сынагы үчүн кастинг өтүп, ага 300дөн ашуун селки катышты. Сынактын финалы апрелде өтүп, жеңүүчү деп табылган бийкеч дүйнөлүк конкурска катышмакчы
10 / 15
Посттун биринчи күнүндө салтка айланган "ун согушунун" катышуучулары (Греция)
11 / 15
"Искандер-К" комплексинин машинасы. Машыгуу учуру
12 / 15
Белоруссиянын атайын дайындоодогу аскер бөлүгү Ата Журтту коргоо күнүнө арналган машыгууда
13 / 15
Улуу Британиянын канышасы Елизавета II дизайнер Ричард Куинндин коллекциясына күбө болууда. Лондондо өтүп жаткан мода жумалыгы
14 / 15
Түштүк Кореяда өткөн кышкы Олимпиаданын финалдык оюнунда германиялыктарды утуп алган россиялык команда жана Илья Ковальчук. Россиянын курама командасы буга чейин олимпиадада жеңишке жетишкен эмес
15 / 15
XXIII кышкы Олимпиада оюндары соңуна чыкты. 9-февралдан 25ине чейин созулган иш-чарага 92 мамелкеттен 2925 спортчу катышып, оюндар алардын саны боюнча рекорд койду. Кийинки Олимпиада 2022-жылы Пекинде өтөт