Нарын облусуна дагы 9 памирлик кыргыз келди. Сүрөт

Учурда эки үй-бүлө балдары менен Кочкордогу №15 кесиптик лицейдин жатаканасында жашап жатышат
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Нарынга дагы тогуз памирлик кыргыз келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине облустук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан кабарлашты.

Памир кыргыздарынын тилеги, сүйүүсү жана калыңы. Боордоштордун ыймандай сыры
Маалыматка ылайык, 18-февралда эки үй-бүлө балдары менен Нарын шаарына Мамлекеттик миграция кызматы тарабынан алып келинген. Кийин медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, 22-февралда Кочкор районуна жөнөтүлгөн.

Памирлик кыргыздарды Кочкордон райондун акими Нурлан Керимкулов менен Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн начальниги Баатырбек Абдымамытов тосуп алган. Учурда алар №15 кесиптик лицейдин жатаканасында жашап жатышат.

Эске салсак, ушул жылдын октябрь айында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз тарыхый мекенине көчүрүлүп келип, Куланак айылына отурукташкан.

Кичи мекенине кубануу менен кайтып келген памирлик кыргыздардын видеосун Sputnik Кыргызстандын материалынан көрүңүздөр.