Радио

Жусупов: Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялардын сапаты начарлады

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов 90-жылдарда Кыргызстан буудай менен Тажикстанды кошо бакканын айтты
Sputnik
Жусупов: Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялардын сапаты начарлады

Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялардын сапаты начарлады. Бул тууралуу Ашырбай Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандагы эң башкы көйгөйлүү маселелердин бири айыл-чарба продукцияларын экспортко чыгаруу.

"Кыргызстандагы продукциялардын сапаты начарлады. Асыл тукумдуулукту өнүктүрүү тиешелүү деңгээлде жүрбөй жатат. Ошол себептен, эт-сүт продукциясы, жүн ылдыйкы багытка түшүп кетти. Бүгүнкү күндө союз учурундагыдай бир түрлүү продукция чыгарылбай жатат. Ошондуктан эң биринчи кезекте асыл-тукумдуу малды көбөйтүү керек", — деди Жусупов.

Ал азыркы кезде колхоз, савхоздор жоюлуп кеткендиктен, жетиштүү деңгээлде жашылчалар өстүрүлбөй жатканын кошумчалады.