Актау полициясы сойкуларды видеого тартып, аны туугандарына жөнөтүүнү көздөөдө

Бейшембиде атайын жүргүзүлгөн рейд учурунда Актау шаарында интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн алты кыз кармалган
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Актау полициясы сойкулук менен алектенген кыздарды кармагандан кийин өз ишин моюндаганын видеого тартып алып, аны туугандарына жибериши мүмкүн. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги Актау полиция кызматынын башчысынын орун басары Аманнилла Абдуатовго шилтеме берүү менен билдирди.

Белгилей кетсек, бейшембиде Актаунун укук коргоо органдары атайын жүргүзүлгөн рейд учурунда интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн алты кызды кармап, алардын ар бирине 12 025 теңге айып салынган.

"Кыздардын дарегин билип, сойкулук менен алектенгендигин моюнуна алган учурун видеого тартып, туугандарына жиберебиз", — деди Абдуатов.

Анткен менен жактоочу Талгат мындай кадамдарды терс көрүнүштүн алдын алган  иш-аракет катары баалады.

"Алардын сойкулук менен алектенгенин сот гана аныктай алат. Басым көрсөтүү менен да видеого тартып коюшу мүмкүн. Ошол эле учурда мындай иш аракеттер мыйзамга каршы келет",  — деген  Мылтыкбаев.

Өткөн жылдын аягында Бишкектеги Ош базардын аймагынан 12 сойку кармалган.