Баткен: 70 жаштагы аксакал Козубай Маматов кыздарга сеп даярдап, жууркан каптайт

Үч жүздөн ашуун кыз-келинди чеберчиликке үйрөткөн Козубай Маматов сегиз жашынан ийне, кайчы кармап, бул өнөргө баш-оту менен киришкен. 62 жылдык өмүрүн тигүүчүлүк, чеберчиликке арнап, бул өнөрүнүн арты менен беш баласын эрезеге жеткирген.
Sputnik

Баткен: токсонду таяган аксакал 60 жылдан бери бир шайтан араба тээп келет
Үч жүздөн ашуун кыз-келинди чеберчиликке үйрөткөн 70 жаштагы Козубай Маматов учурда Баткен районунун Самаркандек айылында жашайт. Тигүүчүлүк анын тубаса таланты. Козубай ата кыздарга сеп даярдап, сайма сайып, курак курап, жууркан каптайт. Эркек кишинин бул эмгеги бир көргөн адамга жат көрүнсө да анын колу менен даярдалган кооз курак, төшөктөрдү жүздөгөн үйлөрдөн кездештирүүгө болот.

Тигүүчүлүк өнөрдүн башаты таянем менен энем болгон

"Таянем терилерден чапан тикчү, ал эми өз энем бычмачы болгон. Бала кезимден баштап аларга аралашып, мен да узчулукту өздөштүрө баштадым. Өзүмдө да тигүүчүлүккө талант, шыгым болгондугу үчүн муну көп кыйналбай эле өздөштүрүп алдым. Бүтүн өмүрүмдү тигүүчүлүккө арнадым", — деди чебер.

Сегиз жашынан тартып тигүүчүлүккө кызыккан Маматов турмуш жолуна аттанган кыздар үчүн сеп даярдайт. Анын колунан чыккан сайма, курак, төшөктөр учурда жүздөгөн үйлөрдө салынып, жыйылып, тагылып турат. Чебер бул өнөрү менен беш баланы эрезеге жеткирип, үч кызынын себин да өзү даярдаган. Союз убагында райондогу тигүү цехине жетекчилик кылып, андан соң кесиптик лицейде кыздарды тигүүчүлүккө окуткан. Пенсияга чыккан соң үйүндөгү чакан бөлмөдө эл суранган буюм-тайымдарды тигип берип, оокат кылып жүргөн кези.

"Эркек кантип сеп даярдасын?" дегендер да көп…

"Алгач көргөндөр эркектен да уз чыгабы деп таң калышат. Суранган оокатынын сапаттуу жасалганын көргөндөн кийин, ар бир кардар ишеним артып калат. Учурда Баткендин бардык аймактарында кардарларым бар", — дейт уз ата.

Баткендик уста аял Сайрагүл Жумабаева 20 жылдан бери тигүүчү машина оңдоп келет
Тигүүчүнүн өмүр шериги Мархамат Жороева тигүү өнөрүн турмушка чыккандан кийин жолдошунан үйрөнгөн. Жубайлар экөөлөп даярдаган кийим-кечектерин жума сайын айылдагы жергиликтүү чакан базарга алып чыгып сатаарын айтып беришти. Жетимиштин кырына келгенине карабастан колунан көөрү төгүлгөн уз аксакал Маматов дагы бир топ сеп даярдап, элдин суранган кийимин тигип берем деген дем менен жашоосун улантып келет.

Кыргызстанда тигүүчүлүк кесипке суроо-талап өсүп жаткандыгын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттиги билдирген.