Өзбекстан: мурдагы Баш прокурор кармалып, бир нече берене менен күнөөлөнүүдө

Кадиров башкы көзөмөл органын 15 жылга чукул башкарып турган
Sputnik

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Өзбекстандын мурдагы Баш прокурору Рашид Кадиров кармалды деп билдирди Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги.

Өлкөдөгү паракорчулук гүлдөгөн мамлекеттик мекемелер. Рейтинг
Ал Кылмыш Жаза кодексинин акча талап кылуу (165-берене), кызмат абалынан кыянаттык кылып пайдалануу (205) жана пара алуу (210) беренелери менен күнөөлөнүп жатат.

Кадиров Өзбекстандын Баш прокурорлугун 15 жыл, тагыраагы 2000-2015 жылдар аралыгында башкарган. Ал эки соңку эки жылдан тарта Конституциялык сотто иштеп келген.

Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбеков да өлкөдөгү сот, тартип коргоо жана көзөмөл органындагы коррупцияга каршы күрөш жарыялаган. Андан көп өтпөй УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Дүйшөнбек Чоткараев кызматынан бошотулду.