Сак болуңуздар! Ашуудагы жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар

ӨКМ унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертет
Sputnik

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik.  Эки күндөгү —  24-февралдан 26-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу жогору экенин ӨКМ эскертти.

Ага ылайык, Бишкек — Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашуулары менен Чычкан капчыгайында, Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная Горка — Ак-Таш жолунун 1-4- чакырымдарында, Казарман — Актал-Чат жолундагы Кара-Көө ашуусунда кар көчкү түшүү кооптуулугу жогору.

ӨКМ жер көчкү коркунучун тоготпой койгон бүлөнү көчүрүп, башкаларга эскертүү берди
Мындан сырткары Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 45-90чу, 145-150-чакырымдарында жана Каракол — Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда дагы көчкү түшүшү мүмкүн.

Мындан улам ӨКМ унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертет.

Буга чейин 17-февралдан 23-февралга чейин Бишкек — Ош, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү атайылап атып түшүрүлүп, аны Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын артиллериялык  жасаган.

Кар көчкү күтүлгөн унаа жолдорду, ашууларды Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган картадан да көрө аласыздар.