Казакстан ИИМи: Дамирбек Асылбек уулу Жамбылда туулган, улуту — казак

Казакстандын күч органдары билдиргендей, депутат Дамирбек Асылбек уулу казак жарандыгынан баш тартуу боюнча арыз жазган эмес
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Казакстанда кармалган депутаты Дамирбек Асылбек уулу — Жамбыл облусунун Кордай районунун тургуну, улуту казак. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып жазды.

"ИИМдин билдиргенине караганда, ал бойго жеткенде Казакстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде паспортко ээ болгон. 2010-жылы колдонуу мөөнөтү аяктагандыктан документин алмаштырган", — деп жазылат макалада.

Ошондой эле Казакстандын ИИМи Асылбек уулу өлкө жарандыгынан чыгуу боюнча арыз менен эч качан кайрылбаганын билдирген.

Депутат Асылбек уулунун кош жарандыгы эмнеге текшерилген эмес? Маморгандардын жообу
Учурда аталган иш боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатат.

Эске салсак, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын күч органдары коррупцияга каршы жүргүзгөн операцияда тогуз бажы постунда мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөн сегиз кылмыштуу топ жок кылынган. Кармалгандардын ичинде Кыргызстандын үч жараны болгон, алардын бири ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу болгонун ТИМ тастыктаган.

Ал эми бейшемби күнү Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны экени айтылган нота Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине келип түшкөн.