Британиянын тургуну 20 долларга алган эски чайнегин 800 миң долларга сатты

Коллекционер кулагы сынык, капкагы жок чайнекти 2016-жылы аукциондон сатып алган
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Улуу британиялык коллекционер 20 долларга алган чайнегин аукциондо 800 миң долларга сатты. Бул тууралуу РИА Новости Independent гезитине таянып кабарлады.

Басылманын билдирүүсүнө ылайык, ал киши кулагы сынык, капкагы жок чайнекти 2016-жылы аукциондон сатып алган. Болжолдуу маалыматтар боюнча үй оокаты 1766-1800 жылдар аралыгында Мидлсекс графтыгынын учурунда жасалган.

Черчиллдин көз айнеги аукциондо 8 миң долларга сатылды
Керамиканы 30 жылдан бери изилдеп келген коллекционер Woolley and Wallis фирманын экспертине сатып алган буюмун көрсөтүп көргөн. Жыйынтыгында серепчи аталган чайнекти 1763-жылы Англиядан Түштүк Калифорнияга барган Джон Бартлем (John Bartlam) аттуу топодон идиш жасаган адамдын колунан жаралганын тактады.

Бартлемдин колунан жаралган эмгекти базардан сейрек кездештирүүгө болот.

Ошентип чайнек аукционго коюлат. Көп болсо 70 миң долларга сатылат деп болжолдонгон чай демдеген буюм 800 миң долларга бааланып кеткен. Сатып алган адам аны АКШга алып барып, коомчулуктун назарына чыгармай болду.