Бишкекте "Ретро-Метро" клубунун жанындагы эс алуу борбору өрттөнүүдө. Видео

Өрт өчүрүү кызматына маалымат саат 21.27де түшкөн
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бишкектеги "Ретро-Метро" түнкү клубунун жанындагы эс алуу борбору өрттөнүп жатканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына саат 21.27де түшкөн.

"Окуя болгон жерге 4 өрт өчүрүүчү унаа чыгып кетти. Борбордун чатыры күйүп жатат", — дешти ӨКМден.

Министрлик кошумча маалымат берилерин кошумчалады.

1 / 3
Бишкектеги "Ретро-Метро" түнкү клубунун жанындагы эс алуу борбору өрттөнүп жатканын ӨКМ билдирди
2 / 3
Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына саат 21.27де түшкөн
3 / 3
Окуя болгон жерге 4 өрт өчүрүүчү унаа чыгып кетти.