БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Денесинен операция жолу менен 13 ийне алынган ымыркайды видеого тартууга Ташкенттеги дарыгерлер биринчи жолу уруксат берди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазып чыкты.
Видеосюжетти Өзбекстан 24 телеканалы жарыялаган.
Профессор Хабибулла Акиловдун айтымында, операциядан бир ай өткөндөн кийин ымыркайдын абалы жакшырган.
"Ымыркайдын абалы жакшыра баштады. Ал өз алдынча дем алып жатат. Өпкөдөгү жасалма аппарат жардамчы катары гана иштөөдө. Бала толугу менен эсине келип, анализдери жакшырды", — деди ал.
22-январда РИА Новости агенттиги Фергана облусунун дарыгерлери ымыркайдын денесинен ийне таап чыкканын жазган.
25-январда интернет айдыңында ымыркай чарчап калганы тууралуу маалымат тараган. Бирок ошол эле күнү кайра төгүндөлгөн.
6-февралда ымыркай бир жашка толду.