Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович — өмүр баяны

Абдывахап Нурбаев 1970-жылы 22-мартта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган.
Sputnik

Билими:

2000 — Ош мамлекеттик университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган;

2013 — Академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетин "өнөр жай жана жарандык курулуш" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1991 — "Ошкоопкурулуш" (ЖЧК) өндүрүштүк курулуш мекемесинде мастер, прораб;

2001-2013 — "Ошкоопкурулуш" (ЖЧК) өндүрүштүк курулуш мекемесинин башкы директору;

2007-2012 — Ош шаардык кеңешинин депутаты;

2012-2015 — Жаш ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) Ош бизнес ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү, чет элдик инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы;

2008-2015 — Ош шаарынын ишкерлер союзунун жетекчиси;

2012-2015 — Ош шаардык кеңешинин депутаты, "Адилеттүү Кыргызстан" фракциясынын жетекчиси;

2015 — КР Жогорку Кенешинин VI чакырылышында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан депутат.

Үй-бүлөлүү, алты баланын атасы.