Радио

Атабаев: мечиттерде уурулук бирин-серин болуп турат

Кыргызстан Дин башкармалыгынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев 2016-жылы да борбордук мечиттен ноутбук уурдалганын айтты
Sputnik
Атабаев: мечиттерде уурулук бирин-серин болуп турат

Мечитте уурулук бирин-серин болуп турат. Бул тууралуу Максат Атабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кичи мечиттерде азырынча камералар орнотула элек.

"Ири мечиттерде кооптуулуктун алдын алуу боюнча атайын көзөмөлдөөчү камералар коюлган. Ал эми кичи мечиттерде азырынча камералар коюла элек. Мечитте уурулук бирин-серин болуп турат. 2016-жылы да борбордук мечиттен намаз кылууга келген кишинин ноутбугу уурдалып, камеранын жардамы менен ууруну табышкан. Негизи ири мечиттерде атайын бир өкүл дайындалып, ал баарын байкап турат. Эл деген эл экен, уурулуктун аягы тыйылбай койду", — деди Атабаев.

Атабаев уурулукка баруу өтө чоң күнөө экендигин жана уурдалган акчаны кайтарып бермейинче уурунун күнөөсү кечирилбей тургандыгын баса белгиледи.