Жайыл районунда мазут ташып бараткан автоунаа 12 жаштагы баланы коюп кетти

Аталган факты боюнча тергөө амалдары башталды.
Sputnik

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Ош — Бишкек жолунун Жайыл районундагы аймагынан 21-февралда болжол менен саат 16:30дар чамасында MAN үлгүсүндөгү бензовозду айдап бараткан 45 жаштагы киши рулду башкара албай 12 жаштагы өспүрүмдү коюп кеткен. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жабыркаган өспүрүм Кара-Балта шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Кырсыктын кесепетинен бензовоз оодарылып, мазут жерге төгүлгөн. Бул боюнча тийиштүү кызматтарга кабар берилген.

Аталган факты боюнча Жайыл РИИБинин тергөө тобу иш алып барууда.