БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Балдардын дээрлик 70 пайызы мектепти бүткүчө эле алысты жакшы көрө албай калышат. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.
Москва мамлекеттик медициналык окуу жайынын илимий кызматкери Марьяна Кобзованын айтымында, алысты көрбөй калуунун эки себеби бар. Биринчиси — турум куучулук, экинчиси — компьютерди көпкө тиктөө.
"Балага көз оору энеден дагы, атадан дагы өтүшү мүмкүн. Андыктан ата-энесинин бири гана көз айнек тагынса, кийин баласы дагы көздүн азабын тартышы толук ыктымал", — деди Кобзова.
Бирок азыркы учурда көпчүлүк адамдар алысты дээрлик карабай калгандыктан, көз айнек тагынууга мажбур болуп жатканы кошумчаланды.
Анын айтымында, тукум кууган "көрбөй калууну" бир гана операция жеңе алса, компьютерден жабыркаган көздөрдү дарылоочу гимнастика аркылуу калыбына келтирсе болот.