Кеминден Кызыл китепке кирген сүлөсүндүн 10 айлык баласы табылды

Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылууга, үй шартында кармоого, багууга тыюу салынат
Sputnik

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кемин районунун Тар-Суу айылынын тургуну Кемин суусунун боюнан Кызыл китепке кирген сүлөсүндүн баласын таап алган. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекеменин өкүлдөрү аталган дарекке барып, текшерүүгө алганда жаныбар 10 айлык экени аныкталган.

"Сүлөсүндүн оң көзү жабыркаптыр. Жаныбар буга чейин айыл тургундары тарабынан колго багылып жүрүшү мүмкүн. Учурда тийиштүү актылар толтурулуп, жаныбар "Бугу эне" коомдук фондусуна өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.

Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылууга, үй шартында кармоого, багууга тыюу салынат. Мамэкотехинспекция өз кезегинде мамлекеттин коргоосундагы жаныбарларга кыянаттык кылгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу мүмкүн экендигин эскертет.