Facebook менен Instagram тармактары иштебей жатат

Жарандар Twitter аркылуу эки ири социалдык тармак иштен чыкканын айтып, нааразы болушууда.
Sputnik

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Facebook менен Instagram социалдык тармактары иштен чыкканын РИА Новости жазып чыкты.

Интернет ресурстардын ишин көзөмөлдөгөн Downdetector сайтынын маалыматына караганда, мүчүлүштүктөр дүйнө жүзүндө байкалган.

​Техникалык кемчиликтер негизинен Польша, Дания, Швеция, Финландия, Норвегия, Гонконг жана Филиппинде байкалууда.

​Ошондой эле социалдык тармактардын иштен чыкканын москвалыктар да айтып жатышат.