Биткоин менен электрондук акчалар Өзбекстанда мыйзамдаштырылат

Буга чейин Өзбекстандын борбордук банкы виртуалдык акчага карата терс көз карашын билдирип, аны терроризмди каржылоодогу инструмент деп атаган
Sputnik

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Өзбекстанда 2018-жылдын 1-сентябрына чейин электрондук акчалардын укуктук жагын жөнгө салуучу мыйзам долбоору иштелип чыгышы керек. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди.

Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу Өзбекстан президентинин 19-февралдагы токтомунда каралган. Ага жооптуу делип Борбордук банк, Маалымат, коммуникация министрлиги, Финансы министрлиги жана Экономика министрлиги белгиленген.

Исаков: Кыргызстанда тендер өткөрүүдө криптовалюта колдонуу пландалып жатат
Мирзиёев ошондой эле Mirzo Ulugbek Innovation Center инновациялык борбордун алдында атайын борбор түзүүнү жактырган. Анын негизги максаты блокчейндин мүмкүнчүлүктөрүн колдонууну караштыруу, кадрлардын билимин жогорулатуу, атамекендик программисттерди колдоо болуп саналат. Бул түзүм 2018-жылдын 1-июнунан тарта иштеп баштайт.

Буга чейин Өзбекстандын борбордук банкы виртуалдык акчага карата терс көз карашын билдирип, аны терроризмди каржылоодогу инструмент деп атаган.

Кыргызстан дагы криптовалютаны мамлекеттик сатып алууларда колдонууну пландап жатат. https://sputnik.kg/economy/20180202/1037557955/sapar-isakov-kriptovalyutany-koldonuu-boyuncha.html Премьер-министр Сапар Исаков бул аракеттер "Таза коом" долбоорунун алкагында ишке ашарын билдирген.