Бишкекте үйдүн 5-кабатынан өрт чыгып 15 жаштагы бала секирип кетти

Өрт бүгүн саат 15.20да чыкканы айтылат
Sputnik

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Борбор калаанын Түгөлбай-Ата жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы батирден өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

1 / 3
Борбор калаанын Түгөлбай-Ата жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы батирден өрт чыкты
2 / 3
Аталган аймакка өрт өчүрүүчү эки унаа саат 15.20да чыгып кеткен. Азырынча өрт жайылган жердин аянты белгисиз.
3 / 3
Ал эми Тез жардам кызматына саат 16.20да чакыруу түшүп, 14 жаштагы бала 5-кабаттан секирип кеткени тууралуу айтылган.

Аталган аймакка өрт өчүрүүчү эки унаа саат 15.20да чыгып кеткен. Азырынча өрт жайылган жердин аянты белгисиз.

Ал эми Тез жардам кызматына саат 16.20да чакыруу түшүп, 15 жаштагы бала 5-кабаттан секирип кеткени тууралуу айтылган.