БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Батирде чыккан өрттөн улам 5-кабаттан секирген өспүрүмдүн абалы оор болууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына №3 балдар клиникалык ооруканасынын дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди.
"Учурда дарыгерлер консилиум өткөрүп жатат. Анын сөөктөрү сынып, ички органдары дагы жабыркаган", — деди доктур.
Өспүрүмгө операция жасалашы күтүлүүдө. Өмүрбеков ал кандай жаракат алганы консилиумдан кийин айтыларын кошумчалады.
Бүгүн саат 15:20да Гоголь көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө өрт чыгып, 15 жаштагы бала 5-кабаттан секирип кеткен.