Базар-Коргондо күйөө бала кайын-журтун бычактаганда... Бир адам көз жумду

Окуя Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында кечээ, 21-февралда, түнү болгон
Sputnik

ЖАЛАЛ-АБАД, 22-фев. — Sputnik. Базар-Коргон районундагы Кызыл-Ай айылына ажырашып кеткен аялынын туугандарынын үйүнө барган киши мас болум, кайненесинин үйүндөгү төрт аялды жана көчөдө бара жаткан эки тургунду бычактаган. Жабырлануучулардын бири каза болуп, беш адам ооруканага түшкөн. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчөдө бара жаткан жарандын бири окуя болгон жерден мүрт кеткен. Ал эми оор жаракат алган беш адам аймактык ооруканага түшкөн.

Карактап киши өлтүрүүгө шектелгендердин тобу кармалды. Сүрөт
"Кызыл-Ай айылына күйөө бала болгон жаран Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну. Ал уктап жаткан үй-бүлөгө кол салып, алгач кайнатасын бычактоого аракет жасаган. Үйдөгү аялы жана кайнежеси аны менен алышып, эжеси кошуналарын жардамга чакыруу үчүн көчөгө чуркап чыккан. Күйөө бала ал аялдын артынан чуркап, жардамга келген эки кошунасын бычактаган. Кайра үйүнө кирип, өзүнүн жубайы менен уктап жаткан 6 жаштагы балага бычак сайып, качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.