ДКО-2018: Алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Өлкө чемпионаты III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата биринчи тандоо туру болуп эсептелинет
Sputnik

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. 5-6 мартта борбордогу Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Кыз-келиндер жана эркектер арасындагы мелдеш Эл аралык күрөш федерациясынын эрежелери менен өтөт.

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Казакстанда машыгууда
Маалыматка ылайык, чемпионат III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата биринчи тандоо туру болуп эсептелинет. Аталган оюн 2-8 сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өткөрүлөрө белгилүү болгон.

Мелдештер алты салмак категорияда өтөт:

Эркин түрүндө эркектер арасында (60, 70, 80, 90, 100 килограмм жана 100дөн өйдө) жана кыз-келиндер арасында (55, 60, 65, 70, 75 килограмм жана 75тен жогору);

Классикалык түрүндө эркектер арасында (60, 70, 80, 90, 100 килограмм жана 100дөн өйдө) жана кыз-келиндер арасында (55, 60, 65, 70, 75 килограмм жана 75тен жогору).

Буга мамагенттиктин алдындагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан 158 миң сом бөлүнгөн.

Ал эми 6-мартта өтө турчу WEF Global 11 турнири өтөт. Мушкерлердин файткарды менен таанышып алыңыз.