Жунус уулу Адыл — өмүр баяны

Адыл Жунус уулу 1963-жылы 15-майда Кытай Эл Республикасынын Кулжа шаарында туулган.
Sputnik

Билими:

1982 — Кулжа шаарынын №5 орто мектебин аяктаган;

1987 — Синцзян Университетинин география факультетин бүтүргөн;

1993-1994 — Бишкек Гуманитардык билим жана тилдер институтунун тилдер борборунда билим алган;

Эмгек жолу:

1987-1991 — Кытай илимдер академиясынын география жана экология институтунда иштеген;

1993-1994 — Бишкек Гуманитардык билим жана тилдер институтунда (азыркы БГУ) кытай тилинен сабак берген;

1994 — "Кыргызспорткамсыздандыруу" республикалык башкармалыгында спорттук делегациянын котормочусу;

1995-2015 — жеке ишкер;

2013-2015 — "Норвест Майнинг Компани" ЖЧКсынын түзүүчүсү жана директору. 15.10.2015-жылы ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кетип, акциялар ишеним башкармалыгына өткөрүп берилген.

2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Республика — Ата Журт" партиясынан депутат болуп келген.

Сыйлыктары:

2008 — КР өкмөтүнүн алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин "Мекенчил" төш белгиси;

Башка маалыматтар:

1991-жылы 8-июнда Кыргызстанга үй-бүлөсү менен көчүп келип, 2001-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган.

Улуту кыргыз. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.