Радио

Сабырбеков: жол кырсыгына алып келген төрт негизги фактор бар

Борбор Азиядагы Америка университетинин курчап турган чөйрөнү иликтөө жана өнүктүрүү борборунун директору Рахат Сабырбеков жол кырсыгын азайтуу үчүн ушул факторлорго көңүл буруу керектигин айтты.
Sputnik
Сабырбеков: жол кырсыгына алып келген төрт негизги фактор бар

Жол кырсыгына алып келген төрт негизги фактор бар. Бул тууралуу Рахат Сабырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна меак куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эксперттер жол кырсыгынын көбөйүп жаткандыгынан улам атайын иликтөө жүргүзүшкөн.

"Изилдөөнүн негизинде кайсыл факторлор жол кырсыгына алып келерин аныктап чыктык. Ага ылайык, айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар көп кырсыкка кабылат. Мындан сырткары, унаалардын эскилиги, катуу айдагандар жана жол эрежесин билбегендер кырсыкка себепкер болот", — деди адис.

Ал жол кырсыгын азайтуу үчүн ушул факторлорго көңүл буруу керектигин кошумчалады.