БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. 6-мартта борбордогу Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында эрежесиз эр таймаш боюнча WEF Global 11 эл аралык турнири өтөт.
КРдин Кулатуу эр таймаш (WEF — ред.) федерациясынан кабарлашкандай, турнирде 17 беттеш бар. Анын экөө чемпиондук курга арналган.
Турнир WEF Global 11
© Фото / федерация WEF
Оор салмактагылар арасында чемпиондук кур үчүн кыргызстандык Тилек Жээнбеков менен украиналык Юрий Проценко беттешет.
Буга чейин WEF Global спорттук уюмунун чемпиону аталган Ариет Бекишов алгачкы жолу наамын коргойт. Анын атаандашы Мырзамидин Пазылов болмокчу. Эки мушкер тең кыргызстандык.
Турнирге Кыргызстандын, Орто Азия, Россия жана Украинанын спортчулары катышат.
Жакында эле украиналык мушкер Юрий Проценко интернет аркылуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип, спорттогу жолу, бала чагы, Жээнбеков менен боло турчу беттеши тууралуу оюн айтып берген.