БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн бий мелдешинде жеңүүчү болушту. Бул тууралуу КРдин бий спорту федерациясынан бидиришти.
Жыл сайын өтүүчү мелдеш Алматы шаарында 17 жана 18-февраль күндөрү болду.
Турнирге Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын бийчилери катышты. Кыргызстандык спортчулар төмөндөгү көрсөткүчтөргө жетишти:
Адилет Төлөмүшев жана Кристина Титунина "юниорлор-2" категориясында 1-орунду, "стандарт" категориясында 3-орунду ээлешти;
Адель Лобанов жана Дарья Бочкарева "юниорлор-1" боюнча күмүш, ал эми "стандарт" жана "латина" категорияларында эки колого ээ болушту;
Говард Чолпонбаев жана Амина Осмоналиева "юниорлор-1" жаатында 2-орунга илиништи;
Никита Герасименко жана Салтанат Сейдалиева "жаштар жана чоңдор" категориясында коло медаль алышты.