Радио

Бирназаров: акыркы 3-4 жылда кыргыз киносу болуп көрбөгөндөй өстү

Белгилүү режиссер Темир Бирназаров кино тармагына бийлик тарап жакшы маани бербей жаткандыгын айтты
Sputnik
Бирназаров: акыркы 3-4 жылда кыргыз киносу болуп көрбөгөндөй өстү

Акыркы үч-төрт жылда кыргыз киносу болуп көрбөгөндөй өстү. Бул тууралуу Темир Бирназаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз киносунун баркы чет жакта абдан жакшы.

"Акыркы үч, төрт жылда кыргыз киносу болуп көрбөгөндөй өстү. Буга жакшылап маани бербей жатышат. Азыркыдай атак-даңкка, бийиктикке кыргыз киносу эч качан чыкпаган. Сөзүм куру болбосун, тарыхта кыргыздар Лос-Анджелеске барып кинофестиваль өткөргөн эмес. Азыр мына Садык Шер-Нияз төрт жыл катары менен өткөрүп жатат. Монреалда бир эле жылда кыргыз киносу эки байге, анан баш байге утуп келди. Бул "А" катарындагы фестиваль", — деди Бирназаров.

Ал мындай бийиктикте кармалып туруу оңой эмес экендигин кошумчалады.