Бишкекте бычак көтөргөн кыздар дүкөн тоношту. Сүрөт

Каракчы кыздардын эң улуусу 21 жашта
Sputnik

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкектеги дүкөндүн сатуучусун бычак менен коркуткан үч кыз уюлдук телефон жана беш миң сом алып кеткен. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

1 / 3
Шектүү
2 / 3
Шектүү
3 / 3
Шектүү

Каракчылык 10-февралда болгон.

Аталган факты боюнча Свердлов РИИБи тарабынан Кылмыш жаза кодексинин каракчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары 21, 18 жана 19 жаштагы үч кыз кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.