Радио

Мусуралиев: бизнесмендер рейдерлик басып алуулардан дагы деле чочулашат

Соода-өнөр жай палатасынын жетекчисинин орун басары Нурлан Мусуралиев бизнесте туруктуулук керектигин айтты
Sputnik
Мусуралиев: бизнесмендер рейдерлик басып алуулардан дагы деле чочулашат

Бизнесмендер рейдерлик басып алуулардан дагы деле чочулашат. Бул тууралуу Нурлан Мусуралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эксперттер бизнесмендер арасында атайын сурамжылоо жүргүзгөн.

"Бизде бизнесмендер рейдерлик басып алуулардан дагы деле чочулашат. Мындан сырткары, көмүскө экономика сөзсүз түрдө бизнеске терс таасирин тийгизет. Мисалы, айрымдар салыкты, социалдык төлөмдөрдү төлөгөндүгү үчүн товарынын баасын кымбатыраак кылат. Ал эми таанышы барлар салыкты, социалдык төлөмдөрдү жашыргандыктан товардын баасын арзандатып утуп кетүүдө", — деди Мусуралинев.

Ал бизнести өнүктүрүү үчүн атайын насыялар берилиши керектигин кошумчалады.