Берлускони журналист кызды "колду катуу кыспа" деп тамашалады

Берлускони өзүнүн адаттан тыш тамашалары менен көпчүлүктүн эсинде калган
Sputnik

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Италиянын экс-премьер-министри Сильвио Берлускони BBC телерадиокорпорациясына курган маеги аяктагандан кийин журналист кызга кеңешин берди. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия маалымат агенттиги жазып чыкты.

"Колду мынчалык кыспа, "мени сабап салат" деп эч ким албай коёт", — деп 81 жаштагы саясатчы тамашалаган.

Берлусконинин бул айткандарына журналист кыз "ишенимдүү кол алышуу жакшы деп ойлогом" деп жооп кайтарган.

Рахмондун Трамп менен силкилдеше кол алышканы күлкүгө салды
"Сен турмушка чыга элексиңби? Бул жолугушуу сенин жашооңдогу эң маанилүү кездешүү болду окшойт", — деп Италиянын экс-премьери жылмайган.

Берлускони өзүнүн адаттан тыш тамашалары менен көпчүлүктүн эсинде калган. Ал Барак Обаманы "күнгө күйгөн" деп шакаба чеккен. Дональд Трампка караганда аялы Меланья көбүрөөк жагарын, Франциянын президенти Эммануэль Макронду "чырайлуу жигит, сулуу апасы да бар" деп аялы Брижиттин жашына байланыштырып тамашалаган.