Радио

Аликеев: өткөн жылы тоо кен компаниялары бюджетке 392 млн. сом төлөгөн

Өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Сүйүнтбек Аликеев өнөр жай ишканалары 90 пайыз жергиликтүү тургундарды ишке алуусу керектигин айтты
Sputnik
Аликеев: өткөн жылы тоо кен компаниялары бюджетке 392 млн. сом төлөгөн

Кыргызстандагы тоо-кен компаниялары 2017-жылы бюджетке 392 миллион сом төлөшкөн. Бул тууралуу Сүйүнтбек Аликеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тоо-кен компаниялары жергиликтүү бийликке бир топ пайда алып келүүдө.

"Азыркы күндө лицензияны кармап тургандыгы үчүн компаниялар 2017-жылдын жыйынтыгында 392 миллион сом жергиликтүү бюджетке төлөп беришкен. Мисалы, "Альянс" алтын компаниясы Таластын Бек-Молдо айылына 170 миллион сом төлөгөн. Мындан сырткары, социалдык объектилерди куруп берген" – деди Аликеев.

Ал тоо-кен ишканалары жергиликтүү жаштарды окутуп, кийин жумушка аларын кошумчалады.