Балдар кор болбосун! Сокулукта 24 бала асыраган өзгөчө үй-бүлөнүн турмушу

Сокулук районуна караштуу Маловодное деген айылда көп балалуу үй-бүлө жашайт. Жети же он балалуу эмес, 24 чүрпөсү бар, балдарга бай бактылуу бүлө. Айыл эли да Өмүркануновдордун чакан мамлекетин жакшы тааныйт.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги баланы баарынан биринчи койгон боорукер жубайлар Иса Өмүракунов менен Таалайкүл Арзыматовалар менен таанышып келди.

Ызылдаган наристе, өспүрүмдөр кирип барарыбыз менен жылуу учурашып тосуп алышты. Алардын көзүнөн балдар үйүндөгү "мени алып кетесиңби" деген аянычтуу көз карашты көрө алган жокпуз. Бири атасынын мойнуна асылса, экинчиси бутунан кучактап эркелеп жатышты. Иса Өмүракунов жубайы Таалайкүл экөөнө тең бала бактысы биринчи орунда.

Үй ээсинин айтымында, кайрымдуулук иши бир үй-бүлөнүн тагдыры аркылуу ишке ашкан.

Каракол: эки бөлмөдө жашаган 11 адам, көздөн учкан үй, өлүмтүгүн артпаган бүлө
"Таанышымдын кызы туура эмес адамга турмушка чыгып, эки күндүн биринде токмок жеп төркүнүнө келчү экен. Бир күнү атасы чалып "кыз-күйөө жакшы болбой калды, күйөө балам үйгө чейин келип сабаган деңгээлге жетти. Кызым балдарды калтырып Москвага барып иштесем дейт. Бирок аларды кимге калтырарын билбей жатат, бизде болсо шарт жок" деп калды. Менин жетим балдарды баккан бир таанышым бар эле, андан жардам сурасам, устав боюнча жети жаштан өткөн балдарды гана кабыл алабыз деди. А тиги келиндин балдары 2, 4 жана 6 жашта болчу. Аларга аябай боорум ооруду. Кичине баласы энесинен ажырарын сезип, аны этектеп эле жанынан чыкпай калганын көрүп жаман болдум. Келинге "бул жактан жашаганга жер таап берсек Россияга кетпейсиңби" десек макул болду. Айылдан аларга бош үй таап берип ошентип багып калдык. Кийин дагы бир таанышымдын турмуштан кыйналган кызы бир баласы менен келди. Кайдан-жайдан укканын билбейм, бир студент кыз жардам сурап түз эле роддомдон бизди угуп чыгып келиптир. Ошентип келинчегим экөөбүз каралашып жатып бул иш кандай башталып кеткенин билбей да калыптырбыз", — деди Өмүракунов.

Семья с 24 детьми в селе Маловодное Сокулукского района

"Эне жана бала мээрими" кайрымдуулук үйүн жубайлар расмий түрдө 2011-жылы каттоодон өткөргөн. Андан бери далай баланы багып, өстүрүп бир топ жалгыз бой, кокустан кош бойлуу болуп калган жаш кыздарга чейин жардам беришкен.

"Биздин башкы максат — баланы энеден ажыратпоо. Томолой жетим балдар болсо аларга өз ата-энесиндей мээрим төгүп, камкордук көрүү. Учурда 24 бала бар. Алардын айрымдарынын энеси чет жакта иштеп жүрсө, кээ бири ушул жерде жашап балдарын чоңойтуп жатышат. Арасында тоголок жетимдер да бар. Баары жолдошум экөөбүздү "ата, апа" дешет. Кокустан кош бойлуу болуп калган кыздар да келген учурлар болот. Кийин айрымдарынын жигиттерин (баланын атасын) таап, баш коштурган мезгилдер да болду "— деди балдардын энеси Таалайкүл Арзыматова.

Бир баланы багуу оор заманда 20дан ашык чүрпөнү асыроо, аларга татыктуу тарбия берип чоңойтуу оңой иш эмес.

Турак жайын көчкү басып калган үй-бүлө 7 баласы менен сыз тамда жашап жатат
"Өлкөдө боорукер адамдар деле көп. Дем алыш сайын студенттер келип үй жыйнашып, бала карашып кетишет. Тамак-аш, азык-түлүк, кийим-кече алып келген адамдар бар. Көрсө ар бир баланын ырыскысы болот экен да. Андан тышкары, өзүбүз тигүү цехин иштетип, ошол жактан түшкөн кирешени да бул жакка колдонобуз. Балдарын багып жаткан келиндер цехте иштейт. Айтор, биримдикте оокат кылып жатабыз. Окугандары ушул эле айылдын мектебине барып билим алат", — деди мээримдүү эже.

Семья с 24 детьми в селе Маловодное Сокулукского района

Жубайлардын өздөрүнүн беш баласы бар. Баары тең мектепти бүтүп, бойго жеткен. Бири армияда болсо, башкалары жогорку окуу жайда билим алышат. Ар бир баласына өзгөчө кам көрүп, мээрим төккөн жубайлар кыздарын өз колдору менен турмуш жолуна узатып, уулдарына келинди ушул үйдөн алып берерин кошумчалашты.

Буга чейин жети баланын 33 жаштагы энеси Альбинанын тагдыры тууралуу да баян эткенбиз.