Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш күчөй турганын тастыктады

Жээнбеков 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын эске салып, бюджеттик, гранттык жана инвестициялык каражаттарды майнаптуу пайдалануу зарылдыгын белгилеген.
Sputnik

БАТКЕН, 20-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Баткенге жасаган сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Исфана, Сүлүктү шаарларынын жашоочулары менен жолукту. Кыргызстан чек ара жаатында дээрлик бардык маселелер боюнча Өзбекстан менен бир пикирге келип, Тажикстан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жаткандыгын айтты. Маалыматты мамлекет башчынын басма сөз кызматы таратты.

Президент Жээнбеков эл менен жолугуп жатып, өлкөдө коррупцияга каршы күрөш күчөй турганын белгилеген.

"Албетте, бул күрөштө биз бир гана укук коргоо органдарына эле таянбастан, элге, коомчулукка, мамлекеттик эмес уюмдардын күчүнө да таянабыз. Элдик колдоого алынган бул аракетибиз өз жемишин берет деген тилектебиз", — деген президент.

Жээнбеков 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын эске салып, бюджеттик, гранттык жана инвестициялык каражаттарды майнаптуу пайдалануу зарылдыгын белгилеген.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы иштен алынды
"Өлкөнү өнүктүрүү үчүн аймакты өнүктүрүү керек, бул менин ишимдин артыкчылыктуу багыты болот. Аймактардын негизги маселеси — социалдык объектилерди куруу, инфраструктураны, ирригацияны өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, жумушчу орун түзүү жана айыл чарба продукциясын сатуу. Бул багыттарда биз системалуу иш алып барабыз. Эң башкысы, бюджеттик, гранттык жана инвестициялык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу", — деди президент.

Президент жакында 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнү коррупциядан тазалоо иши коомчулук күткөн натыйжага жете электигин билдирип, укук коргоо жана көзөмөл, сот органдарына катуу талап койгон.