БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бокс боюнча курама команда башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев менен биргеликте Казакстандын Алматы шаарында окуу-машыгууларын баштады. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Эскерте кетсек, курама команда ушул жылдын 18-августунан 2-сентябрга чейин Индонезиянын борбору Жакартада өтө турчу Азия оюндарына карата даярдык көрүүдө.
Бокс боюнча курама команданын тизмеси:
Мирлан Түркбай уулу жана Сыргак Жансейитов — 49 килограммга чейин
Жаныбек Мусаев — 52 килограммга чейин
Сирожиддин Абдуллаев — 56 килограммга чейин
Бек Камчыбеков жана Нурлан Кобашев — 64 килограммга чейин
Абдурахим Абдурахманов — 69 килограммга чейин
Ильяс Муканбетов — 75 килограммга чейин
Эркин Адылбек уулу — 81 килограммга чейин
Башкы машыктыруучу — Данияр Жусубалиев
Улук машыктыруучу — Жылдыз Ниязалиев
Ал эми дзюдо боюнча курама команда 21-25 февраль күндөрү Германиянын Дюссельдорф шаарында өтө турчу "Гран-Слам" эл аралык турнирине катышат.