Казакстанда эки хакер 40ка чукул сайтты талкалап кетти

Жабыркаган сайттардын баары KZ зонасында болгон
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Өткөн жуманын соңунда хакерлер Казакстандагы 40 сайтты талкалаганын Sputnik Казакстан агенттиги Киберчабуулдарды анализдөө жана иликтөө борборуна таянуу менен жазып чыкты.

"15тей сайт mohamed.xo деген ат менен катталган хакер тарабынан талкаланган. Ал эми калган 25 сайтка өзүн Am!Ne деп атаган хакер чабуул койгон", — деп айтылат маалыматта.

Экинчи хакер талкалаган баракчалар Hoster.kz жалпы серверинде жайгашкан, бирок Ps.kz жана IDnet серверлеринен да кардары бар экени аныкталды.

Хакерлердин колунан сайты жабыркаган компаниялардын катарында KazkhTour, EasyGo ишканалары жана "Алма-Ата" адабий үйү бар.