Радио

Икрамов: калпакты импорттоого тыюу салбасак болбойт

Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов синтетикалык калпактардын сатылышына тыюу салуу маселеси эки жыл мурун эле көтөрүлгөндүгүн айтты
Sputnik
Икрамов: калпакты импорттоого тыюу салбасак болбойт

Калпакты импорттоого тыюу салбасак болбойт. Бул тууралуу Тазабек Икрамов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, синтетикалык калпактардын сатылышына тыюу салуу маселеси эки жыл мурун эле көтөрүлгөн.

"2016-жылы 5-мартты ак калпак майрамы катары белгилөө боюнча токтом кабыл алганбыз. Ошол эле учурда мен өкмөткө синтетикалык, арзан калпактардын сатылуусуна тыюу салуу боюнча да тапшырма берген элем. Мына азыр да кесиптештерим бул маселени көтөрүп чыгышты. Мен колдойм. Калпакты биз урматтоо менен нукура жүндөн жасалганын кийишибиз керек. Анан калпакка окшотуп эле синтетикалык бир материалдардан тигип сатып жатышканы туура эмес", — деди Икрамов.

Ал калпак кыргыз улутунун символу, аны көрүнгөнгө белек кылып кийгизүүнү токтотуу керектигин билдирди.