Радио

Кайнарбек кызы: элечек — энеликтин символу

"Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун ассистенти Асел Кайнарбек кызы учурда элечек тууралуу маалымат алууну каалаган жаштардын саны арбын экенин белгиледи
Sputnik
Кайнарбек кызы: элечек — энеликтин символу

Элечек — энеликтин символу болгондуктан, аны башта көтөрүп жүрүү өзүнчө сыймык. Бул тууралуу Асел Кайнарбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, элечек бир гана баш кийим катары колдонулган эмес.

"Илгери кыргыздар көчмөн калк болгондуктан, ар кандай жарааттар болсо, же бала төрөлгөн учурларда элечектин кездемесин колдонуп келишкен. Андан тышкары, баарыбызга маалым болгондой кепин катары да пайдаланышкан. Негизи эле ак нерсени башта көтөрүп жүрүү сыймык болгон", — деди Кайнарбек кызы.

Ал III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында элечекти даңазалаган бир топ иш-чаралар болоорун кошумчалады.