Бишкекте унаа учура сүзгөн жеткинчектин дайын-дареги билинбей жатат

Жабырлануучулар Бишкектеги ооруканаларга кайрылган эмес. Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын жаңы видеосу келип түштү. Анда көрүнүп тургандай аял кыз менен кошо аларды коюп кеткен айдоочунун унаасына отуруп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Жол кырсыктан жабыркаган кыз Бишкектин ооруканаларына түшкөн эмес, милицияга да кайрылуу болгон жок. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) кабарлашты.

Дүйшөмбү күнү, 19-февралда, Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адам аял менен кызды коюп кеткен. Окуя видео байкоого түшүп калган. Тасмада көрүнүп тургандай, жети жаш чамасындагы кызды жетелеген аял жолду туура эмес жерден кесип өткөн. Натыйжада өйдө жактан катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа жеткинчекти учура сүзгөн.

"Учурда Бишкектин ЖКККББсы айдоочу менен эне-баланы издеп жатат. Алар калаадагы ооруканаларга да, милицияга да кайрылган эмес", — деп милициядан билдиришти.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы окуя болгон жерге барып видео тасманы көрсөткөн дүкөндүн кызматкерлери менен баарлашып кайтты. Алардын айтымында, кырсык саат 14.50дө болгон. Күбөлөр аял менен кызды сүзүп кеткен айдоочу жабырлануучуларды унаасына салып кеткенин кабарлашты. Тилекке каршы, машинанын номери белгисиз болууда.

Бишкекте унаа учура сүзгөн жеткинчектин дайын-дареги билинбей жатат

Жаңы тасмада көрүнүп тургандай, кырсыктан бир мүнөт өткөндөн кийин эле аял кызды бутуна тургузган. Анын канчалык жабыркаганы азырынча белгисиз. Кийин жабырлануучулар айдоочунун унаасына отуруп, батыш тарапты көздөй кетишкен.